Курс НБ на 30.11.2020 $84,7984 €101,1815

БУУнун кийинки баш катчысы ким болот?

Саясат
03 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
562
Ушул жылдын 21-июлунан бери БУУнун Коопсуздук Кеңеши уюмдун баш катчылыгына татыктуу талапкери тандоонун 5 раундун өткөрдү. 10 талапкердин катарында еврокомиссар Кристалина Георгиева жана Болгариянын дагы бир өкүлү, ЮНЕСКОнун башкы директору Ирина Бокова бар.
Добуш берүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча азырынча Португалиянын премьер-министри Антониу Гуттериш алдыда. Экинчи орунда Сербиянын мурдагы тышкы иштер министри Вук Еремич, үчүнчүдө Словакиянын тышкы иштер министри Мирослав Лайчак келатат. Кезектеги добуш берүү 5-октябрга белгиленди. БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун өзүнүн ордун аязаты ээлесе деген пикирде. Учурда Коопсуздук кеңештин жыйынына анын туруктуу эмес он мүчөсү эсептелген Ангола, Венесуэла, Египет, Испания, Малайзия, Жаңы Зеландия, Сенегал, Украина, Уругвай, Япония жана туруктуу мүчөлөр - Улуу Британия, Кытай, Орусия, АКШ, Франция катышууда.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.