Курс НБ на 19.08.2019 $69,7839 €77,4776

Б.Торобаев: Конституцияны өзгөртүү боюнча фракциянын чечими Президент менен кеңешкенден кийин кабыл алынат

Саясат
23 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
459
«Өнүгүү-Прогресс» фракциясы Конституция долбоорунун акыркы вариантын талкуулап, өзгөртүү киргизүү боюнча долбоордун 29 беренесинен 26 беренесин колдоду. Мамлекеттик кызматкерлердин укуктары, прокуратура жана депутаттык фракциялардын иш-аракети боюнча беренелер колдоо таппады.
«Жалпысынан акыркы вариантынын 90 пайызын биз колдодук, бирок үч берене боюнча тилекке каршы, жумушчу топ менен бир пикирге келе алган жокпуз. Биз аталган үч берене боюнча мамлекет башчысы менен кеңешип, андан соң акыркы чечимге келебиз», - деп билдирди фракция жетекчиси Б.Төрөбаев.
Референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоору бардык фракция мүчөлөрү тарабынан толук колдоого алынды.
"Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынын катчылыгы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.