Курс НБ на 19.08.2019 $69,7839 €77,4776

Борбор Азиялык 21-медиа конференциясы өтөт

Саясат
17 - Июль 2019
www.erkintoo.kg
47
17-18-июлда Бишкек шаарында ЕККУнун «ЖМКлардын эркиндиги жана санариптик трансформация доорундагы плюрализм» аттуу Борбор Азиялык 21-медиа конференциясы өтөт.  Эске салсак,  конференциянын негизги темасы - санариптик трансформация шарттарында ЖМК эркиндиги жана плюрализм.  Жалпы улуттук деңгээлде жана ЕККУнун бардык регионунда ачык жана коопсуз интернет түзүү үчүн  шарттар, аз сандуу элдер үчүн жалпыга маалымдоо каражаттары жана өзүн өзү жөнгө салуу ыкмалары сыяктуу маселелер талкууланат. Конференцияга Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, ошондой эле Монголиядан келген  журналисттер, эксперттер катышат.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу