Курс НБ на 24.01.2020 $69,8443 €77,1640

Башкы прокуратура Белизге суроо-талап жөнөттү

Саясат
23 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
389
Кыргызстандын Башкы прокуратурасы УКМКнын «Мегаком» компаниясы боюнча тараткан маалыматын текшерүү үчүн Белиз мамлекетине расмий суроо-талап жөнөттү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан бүгүн кабарлашты.
УКМК оппозициядагы “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана эки мүчөсү Аида Салянова менен Алмамбет Шыкмаматов “Альфа Телекомдун” («Мегаком») 50 пайыздык акциясын сатууну көздөгөн деген маалымат тараткан болчу. Муну коопсуздук комитети Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн алган документтерге таянып билдирген.
Президент Алмазбек Атамбаев аталган документтерди тезинен текшерип чыгууну Башкы прокуратурага тапшырган.
“Ата Мекен” фракциясынын мүчөлөрү бийлик жасалма документтердин негизинде аларды каралоого аракет кылып жатканын билдирген.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.