Курс НБ на 01.10.2020 $79,6000 €93,1957

Барак Обаманын жарлыктары жаратылбайт

Саясат
26 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
499
Дональд Трамптын президенттик кызматка киришерине 25 күн калды. Анын штабындагылардын айтымында, 20-январдан кийин ал мурдагы Президент Барак Обама кол койгон жарлыктардын 70%га жакынын жокко чыгарат.
Мындай пикирин Fox News телеканалына берген интервьюсунда Конгресстин өкүлдөр палатасынын мурдагы спикери Ньют Гингрич билдирди. Ал Дональд Трамптын ишенимдүү өкүлдөрүнүн бири болуп саналат.
Саясатчынын айтымында, жаңы президент тажрыйбалуу юристтердин жардамы менен Обаманын эч кимге керексиз жарлыктарын жокко чыгарат же күчүнө киришин кийинкиге жылдырат. Обама кетээр алдында Трампка каршы бир катар карасанатай кадамдарды жасап жатат.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.