Курс НБ на 21.01.2020 $69,7000 €77,3008

Ата-Мекендик согуштун катышуучуларынын жаркын элесине арналган Мемориалдык тактага гүл коюлду

Саясат
19 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
443
Кыргызстан Президенти Алмазбек Атамбаев, Россия Президенти Владимир Путин, Армения Президенти Серж Саргсян жана  Молдова Премьер-министри Павел Филип Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларынын жаркын элесине арналган Мемориалдык тактага гүл коюшту.
17-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Армения Республикасынын Президенти Серж Саргсян жана  Молдова Республикасынын Премьер-министри Павел Филип Аламүдүн районунун Арашан айылындагы Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларынын жаркын элесине арналган Мемориалдык тактага гүл коюшту.
Россия Федерациясынын Президенти, Армения Республикасынын Президенти жана  Молдова Республикасынын Премьер-министри Бишкекке Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин мамлекет башчылар Кеңешинин 25-юбилейлик отурумуна катышуу үчүн келишкен.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.