Курс НБ на 18.11.2019 $69,8500 €77,2541

Армения Абрамянды Карапетянга алмаштырып жатат

Саясат
09 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
561
Армениянын бийлик партиясы өлкөнүн Премьер-министр кызматына орусиялык “Газпром” компаниясынын өкүлү Карен Карапетянды сунуштап жатат. Мындай чечим Президент Серж Саргсян башында турган партия кеңеши менен аткаруу органынын жыйындарында кабыл алынды. Карапетян бул кызматта отставкага кетип жаткан Овик Абрамянды алмаштырат. 8-сентябрда өткөн жыйында өлкө президенти ал тууралуу: “Биз Карен Карапетяндын жөндөмүн жана иш стилин жакшы билебиз. Ал Арменияны экономикалык өнүгүүгө алып келет”, - деп айтты.
 
Карен Карапетян 1963-жылдын 14-августунда туулган. Экономика илимдеринин доктору. 2001-2010-жылдары “Газпром-Армения” компаниясынын башкы директору, 2011-жылдын декабрынан 2012-жылга чейин “Газпромбанктын” вице-президенти, 2012-жылдын ноябрь айынан бери “Газпромаймактар аралыкгаз” компаниясынын башкы директорунун стратегиялык өнүктүрүү боюнча орун басары болуп иштеп жаткан.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.