Курс НБ на 07.12.2019 $69,8490 €77,5883

Алмазбек Атамбаев Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү эмне үчүн колдойт?

Саясат
29 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
435
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчиси Фарид Ниязов кечээ, 27-сентябрда КТРК аркылуу Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев эмне үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү колдоп жаткандыгы боюнча түшүндүрмө берди.
 Фарид Ниязовдун айтымында, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарылдыгы 6 жылдан бери бышып жетилди. Мурда 2,5 жылга жетпей эле өзгөртүүлөр киргизилген. Бул жакшы мөөнөт. Алмазбек Атамбаев унчукпай деле койсо, саясий өңүттөн алганда бул ага пайдалуу болмок. Бирок, БУУнун кылмышкер Азимжан Азимов боюнча чечиминен кийин Мамлекет башчысынын көз карашы кескин өзгөрдү. Себеби, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө коркунуч жаралды. Акыркы күндөрү дагы бир кылмышкер Кадыржан Батыровдун аракеттерин байкап жатабыз. ЕККУнун кылыгын биздин ички ишибизге кийлигишүү катары бааласак болот. Конституцияга өзгөртүүнүн дагы бир себеби парламенттик башкарууга өтүп жаткандыгыбыз менен байланышкан” , - деди Фарид Ниязов.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.