Курс НБ на 25.01.2020 $69,8443 €77,1640

400дөн ашун студент визага документ тапшырды

Саясат
13 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
376
Акыркы эки күн  ичинде 400дөн ашуун студент Кытайга кетүү үчүн визага документ тапшырды. Бул тууралуу ТИМдин Консулдук кызмат департаменти билдирди.  Виза тапшыруу ТИМдин дүйшөмбүдөн бейшембиге чейин элчиликтеги терактынын айынан Кытайдагы окуусуна кете албай жүргөн студенттерден виза алууга билдирмелерди кабыл ала турганын айткандан кийин жанданган. ТИМ кызматкеринин айтымында, студенттердин негизги агымы дүйшөмбү менен шейшембиге туура келген.  Азырынча окуусун 300гө чукул кыргызстандык студент уланта албай турат.  Белгилей кетсек, 30-августта эртең менен Бишкектеги Кытай элчилигинин дарбазасын жанкечти жардыргыч заттар салынган машина менен барып сүзүп, жардырган. Жардыруудан кийин Кытай элчилиги Кыргызстандын жарандарына Кытайга кирүү үчүн виза берүүнү токтоткон. 

Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.