Курс НБ на 17.11.2019 $69,8500 €76,9922

2020-2030-жылдары өдкө аймагындагы бир катар жапайы жаныбарларга аӊчылык кылууга мораторий киргизүү демилгеси сунушталууда

Саясат
23 - Октябрь 2019
www.erkintoo.kg
38

Жогорку Кеӊеште "Кыргызстан – жашыл экономика өлкөсү" концепциясынын алкагында иштелип чыккан «Кыргыз Республикасында жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аӊчылык кылууга тыюу салуу жөнүндө» мыйзам долбоору каралууда. Демилгечилер – депутаттар тобу.

Демилгечилердин бири Экмат Байбакпаевдин айтымында, ушу тапта өлкө аймагында аӊчылык жана мергенчилик кылуу чөйрөсүндөгү ишкердик менен 52 юридикалык жак алектенет, анын ичинде 42 жеке менчик аӊчылык фирма, 9 коомдук чарба жана 1 мамлекеттик мекеме бар. “Аӊчылык жерлердин жалпы аянты – 14,4 млн га, анын ичинде мамлекеттик жерлер – 7,2 млн га, коомдук жерлер – 3,2 млн га, жеке менчик жерлер – 4 млн га”, - деди ал.

Ал эми Жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу департаментинин маалыматына караганда, «Аӊчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө» мыйзам кабыл алынган 2014-жылдан бери өлкөнүн жаратылыш байлыгын сарамжалдуу пайдалануу жаатында ырааттуу иштер жүрүгүзүлө баштады. Мисалы, мурда аӊчылык иштерин уюштурууда 80 уюм иш жүргүзсө, азыр алардын саны 52ге чейин кыскартылды, ал эми аӊчылыкка 4 айга чейин гана уруксат берилет.

Депутат Экмат Байбакпаевдин пикиринде, азыркы учурда жандуу жаратылыш жабыркап, сейрек кездешчү жапайы жаныбарлар четинен жок болуп жатат, ал эми аларды кайра калыбына келтирүү үчүн кошумча каражат талап кылынат. “Жандуу жаратылыш менен жапайы жаныбарларды сактап калуу үчүн каражатты аябаш керек, аны бюджеттен же фонддордон караштырса болот”, - деди ал.

Белгилей кетсек, мыйзам долбоору аркылуу 2020-жылдан тарта Кыргызстандын аймагында төмөнкү жапайы жаныбарларга аӊчылык кылууга мораторий киргизүү сунушталууда: аркар-кулжа, теке-эчки, элик, марал-бугу, доӊуз. Тыюу салуу мөөнөтү – 10 жыл же мораторий 2030-жылга чейин созулууга тийиш.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу