Курс НБ на 07.12.2019 $69,8490 €77,5883

2017-жыл “Үй бүлө жылы” деп жарыяланат

Саясат
15 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
553
Эртең, 16-сентябрда Бишкекте башталуучу КМШ мамлекет башчыларынын юбилейлик саммитинде гуманитардык кызматташуу жана коопсуздукту камсыздоо жаатында ондон ашык документтердин долбоорлору каралат.
КМШнын 25 жылдыгына жана Нюрнберг трибуналынын иши аяктагандыгынын 70 жылдыгына байланыштуу мамлекет башчыларынын билдирүүсүнө кол коюлат. Андан тышкары, КМШны жаңы шартка ылайыкташтыруу, уюмдун тармактык органдарынын ишмердигинде кайтарымдуулукту жогорулатуу маселеси талкууланат.
Ошондой эле жыйында 2017-жылды “Үй бүлө жылы”, 2018-жылды “Маданият жана максатка жетүү жылы” деп жарыялоо чечим кабыл алынат. КМШнын келерки жылдагы маданий борборлору аныкталат. Мындан тышкары, 2020-жылы КМШ мамлекеттеринде эл каттоо жүргүзүү маселеси каралат.
Мамлекет башчылары талкуулоочу бир катар документтер коопсуздукту камсыздоо жана коркунуч жаратып жаткан дүйнөдөгү жаңы чакырыктарга каршы турууга багытталган. Саммитте 2017-2019-жылдарда терроризм жана экстремизмдин башка көрүнүштөрү менен күрөшүү, 2016-2020-жылдарда заманбап технологияларды колдонуу менен жасалып жаткан кылмыштарга каршы күрөшүү программаларын кабыл алуу болжолдонууда.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.