Курс НБ на 07.12.2019 $69,8490 €77,5883

2016-2017-жылдарга калктын аз камсыз болгон катмарынын жашоо деңгээлин көтөрүү боюнча иш-чаралар планы бекитилди

Саясат
28 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
488

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиеванын төрагалыгы астында калктын аз камсыз болгон катмарынын жашоо деңгээлин көтөрүү боюнча кеңештин биринчи кеңешмеси болуп, 2016-2017-жылдарга багытталган иш чаралардын планы кароого коюлду.

Кеңеш мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы өз ара натыйжалуу карым-катышты камсыз кылуу менен өлкөдөгү аз камсыз болгон калктын катмарынын жашоо деңгээлин көтөрүү боюнча макулдашылган чараларды иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн.

Жыйын жүрүшүндө кеңештин мүчөлөрү 2016-2017-жылдарга калктын аз камсыз болгон катмарынын жашоо деңгээлин көтөрүү боюнча иш чаралардын планын бекитти.

Иш чаралар планынын алкагында аймактарда айыл чарба өндүрүшүнө үйрөтүү боюнча кыска мөөнөттүү окуу курстарын, стационардык жана мезгилдик эмгек биржасы уюмдарын түзүү, аз камсыз болгон үй бүлөлөр үчүн ишкердиктин негиздерин окутууну уюштуруу каралган.

Ошондой эле Өкмөттүн планында жетим балдарды, интернаттык типтеги балдар мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүн турак-жай менен камсыздоо механизмин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү, мүмкүнчүлүгү чектелген жактарды талапка ылайык кесипке окутуу боюнча курстарды уюштуруу жана жетим балдар үчүн «Балдар депозитин» киргизүү каралууда.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.