Курс НБ на 08.12.2019 $69,8490 €77,5883

1-октябрдан тарта Орусия Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине төрагалык кылууну баштады

Саясат
03 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
398
Төрагалык миссия 1-ноябрга чейин созулат. Андан соң кезек, Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү Сенегалга өтөт. Орусиянын төрагалыгында Коопсуздук Кеңештин биринчи жыйыны бүгүн, 3-октябрда өтмөкчү. Октябрь айында Кеңештин кароосуна 20 маселе коюлат. Жакынкы Чыгыштагы жагдай боюча ачык дебаттар 19-октябрга белгиленди. 25-октябрда БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мун “Аялдар, тынчтык жана коопсуздук” деген темада доклад жасайт. Ал эми 28-октябрга ЖККУ, ШКУ жана КМШ менен БУУнун кызматташуусу боюнча дебаттар белгиленге жана бул зор кызыгууну жаратары божомолдонууда.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.