Курс НБ на 12.11.2019 $69,8426 €77,0294

Жусуп Баласагын атындагы президенттик стипендия уюштурушу мүмкүн

Маданият
14 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
788
Улуу даанышман Жусуп Баласагын бабабыздын 1000 жылдыгына арналаган иш-чарага байланыштуу Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-октябрда куттуктоо жолдоду.
Жусуп Баласагындын он кылым мурда жазылган “Кут алчу билим” чыгармасы адабияттагы баа жеткис байлык экендигин баса белгилеген Алмазбек Атамбаев өз куттуктоосунда бул чыгарманы акылман ойчулдар Конфуций, Лао Цзы, Фирдоуси жана Бабурдун чыгармалары менен бир катарда турат деп баа берди.
“Жусуп Баласагындын билимсиз дүйнө караңгы деген сөзү азыр да маанисин жоготкон жок”- деген Мамлекет башчысы илимий ачылыш жасоого жана билим алууда ийгиликтерге жетишкен жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн Жусуп Баласагын атындагы президенттик стипендия уюштуруу зарыл деген оюн да бүгүнкү куттуктоодо билдирген.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.