Курс НБ на 21.01.2021 $84,5260 €102,5512

Жазмакерлер арасында "Сен кимсиң, Аялзат" конкурсу уюштурулат
Уюштуруучулар конкурска мурда эч жерде жарыяланбаган гана материалдарды кабыл аларын айтты.
Публицисттер, журналисттер жана жалпы эле калемгерлер арасында "Сен кимсиң, Аялзат" деген аталыштагы конкурс жарыяланды. Бул туурасында акын жана публицист Олжобай Шакир билдирди. "Конкурска жөнөтүлгөн материалдарда аялзаттын коомдогу орду жана дени сак улут үчүн энелердин ролу кандай мааниге ээ экендиги терең анализденүүсү, иликтенүүсү кажет", — деди ал. Олжобай Шакирдин айтымында, аялзаттын бүгүнкү күндөгү социалдык турмуш жүгү, энелердин өлүмүнүн көптүгүнүн себеби, ажырашууларды азайтуунун жолдору сыяктуу темаларга басым жасалышы керек. "Бул конкурска мурда эч жерде жарыяланбаган гана материалдар кабыл алынат жана конкурстук материалдардын көлөмү беш беттен ашпоого тийиш", — деди уюштуруучу. Ал байге фонду 50 000 сом экендигин кошумчалады. Конкурстун жыйынтыгы аялдардын эл аралык майрамы —8-мартка карата чыгарылат. Конкурстук материалдар 2016-жылдын 20-декабрынан 2017-жылдын 7-мартына чейин oljobai.shakir@mail.ru электрондук дареги аркылуу кабыл алынмакчы.
Булак:Sputnik

Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек