Курс НБ на 12.11.2019 $69,8426 €77,0294

Жаш манасчылар арасындагы сынак

Маданият
13 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
1062
Быйылкы Тарых, маданият жылына жана айтылуу манасчы Мамбет Чокморовдун 120 жылдыгына карата жаш манасчылар арасында сынак болот. Мындай маалыматты “Саякбай манасчы”  эл аралык коомдук фонду билдирет. Маалыматтарга караганда, “Башканы коюп Манасты айт” деген аталыштагы сынакка 15 жаштан 25 жашка чейинки жаш манасчылар катыша алышат. Сынактын  жалпы байге фонду 500 миң сомду түзөт. Тандоо туру 20-октябрда Коомдук биринчи каналда өткөрүлсө, негизги бөлүгү ноябрь айында болот. Жыйынтыгында тандоодон өткөн 12 катышуучунун ичинен мыктылар тандалат.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.