Курс НБ на 30.10.2020 $81,8000 €95,4770

​Өзбекстанда Айтматов мектебинде кыргыз тили күнү белгиленди

Маданият
24 - Сентябрь 2020
www.erkintoo.kg
55
Өзбекстандын Ташкент облусунун Паркент районунда жайгашкан №33 кыргыз орто мектебинде "Кыргыз тили күнү" салтанаттуу түрдө белгиленди. Бул туурасында  "Кабар" агенттигине мектеп директору Кубанычбек Жаматов кабарлады. Анын маалыматына ылайык, "Кыргыз тили күнү" жалаӊ Кыргызстан үчүн гана эмес, ошондой эле асмандагы жылдыздай болуп дүйнө жүзүнө тарап кеткен жалпы кыргыздар үчүн да өтө маанилүү, эбегейсиз зор майрам болуп эсептелет. Ал эми кыргыз тили жана адабияты мугалими Диларам Маматалиева  мектепте кыргыз тили заманбап методика менен окутуларын белгиледи.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу