Курс НБ на 14.11.2019 $69,8500 €76,8979

“Замана” – көрүүчүлөрү көп, эл сүйгөн программа

Маданият
07 - Декабрь 2018
www.erkintoo.kg
301
Мындан туура  60 жыл мурда – 8-декабрда кыргыз телеберүүсү эфирге чыккан. Алгач он мүнөттүк программа менен баштаган Фрунзе телестудиясы эгемендүүлүк алгандан соң мамлекеттик, 2010-жылдан кийин коомдук каналга айланган.  Азыр 6  канал,  5 радиону өзүнө камтыган КТРК заман агымынан артта калбай алдыга умтулууда. Коомдук каналды бүгүнкү күндө мыкты менеджер Илим Карыпбеков жетектеп келет. 
КТРКнын өнүгүү багыты мындан ары да улана берерин анда иш алып барган  кызматкерлер баса белгилешет.  Каналдын архивиндеги  видеолор баа жеткис байлык катары сакталуу. Коомдук канал канчалаган кесипкөй адистерди, маданиятка салым кошушкан чебер  журналисттерди даярдаган өнөркана десек да жаңылбайбыз.
Акыркы жылдары  телеканалдын техникалык базасы заман талабына шайкеш жабдыктар менен жабдылып, каналдын имаратын оңдоп-түзөө иштери да көңүл сыртында эмес. Кызматкерлер үчүн түзүлүп жаткан шарттар көңүл жылытып жатканына коомчулук күбө.
“Замана” студиясы
КТРКнын "Замана" студиясы 1995-жылы 2-июнда алгачкы таңкы эфирин алып чыккан. Ошентип, 1995-жылдан баштап Олжобай Токтосунов, Динара Кодуранова, Алмаз Абдраев жана Кадыр Кошалиевге окшогон таланттуу журналисттердин чыгармачылык изденүүсү жана  каналдын ошол учурдагы президенти Абдиламит Матисаковдун колдоосу менен “Замана” программасы эфирге чыга баштаган. Эң алгачкы көрсөтүүнү Динара Кодуранова менен Алмаз Абдраев алып барышкан. «Замана» алгач 30 мүнөттөн гана күн алыс Чүй өрөөнүнө көрсөтүлүп, анан гана бүт республикага таркатылган. Башында бүт эфир кыргыз, орус тилдеринде аралаш чыгарылса, азыр жуманын үч күнү  кыргызча, эки күнү  орус тилинде көрсөтүлөт.
Аталышын сактап калды
1995-жылы түзүлүп, дээрлик 10 жылдан бери үзгүлтүксүз эфирге чыгып келген “Замана” студиясынын аталышын 2005-жылдын 24-мартынан кийин келген жетекчилер “Кутман таң” деп өзгөртүп көрүшкөнү менен мезгил жана көрүүчүлөр ар дайым “Замана” катары таанып келгендиктен, 2008-жылдын 11-февралынан кийин кыска тыныгуудан соң алгачкы аталышы кайра ыйгарылган.
23 жыл эл менен бирге
Коомдук каналдын тарыхында   “Замана” студиясынын  орду чоң. Бул студиянын  жамааты  кыргызстандыктарга ар бир таңда жылуу маанай тартуулап, пайдалуу маалыматтарды калың журтка жеткирүү үчүн эмгектенишет. Бүгүн медиа рынокто жүзгө жакын теле канал бар болсо,  дал ушул санда  таңкы көрсөтүүлөрдү көрсөткөн программалар бар экени талашсыз. Алардын ичинен 23 жылдык тарыхы бар студия кыргызстандыктарга маалымат жеткирүү багытын,  жолун эбак  тандап,  салмактап алган. Чыгармачыл дарамет, кесиптик-интеллектуалдык сапат,   түз эфирде талкууланган  өзөктүү маселелер, жада калса эфир тартылып жаткан студиянын жасалгасы, алып баруучулардын  сүйлөгөн сөзү, сырткы кийими  да дайыма көрөрмандардын көз кырында.  Дал ушундай багытта иш алып барган  “Замананын” жамааты жаңы бийиктиктерди  камсыздасак деген максаттта иш ыргагын улантууда.
“Замана” студиясынын башкы редактору Динара Кодуранова:
- Коомдук каналдын “Замана” студиясы 1995 - жылдан бери эфирге чыгып келет.  Таңкы көрсөтүүлөрдүн башкы максаты – жарандарга, көрөрмандарга көңүлдүү маанай,  дем берүү,  пайдалуу маалыматтарды жеткирүү болуп эсептелет. “Замананын” жамааты дал ушул багытта өз ишмердигин жүргүзүүдө. Ага кошумча, өлкөбүздүн коомдук, социалдык, саясий турмушундагы окуяларды да чагылдыруунун үстүндө иш алып барат.  Көрөрмандарыбыздын суроо-талабына жараша аларга пайдасы тийген  берүүлөрдү даярдап,  элдин ишеничине толсок деген максатта иш алып барабыз.
Алар саат сайын  иштешет
Таң эрте жумушка келишкен кызматкерлер. Студияны жарык кылып, шөкөттөгөндөр. Бири эфирге даярданса, экинчиси техникалык жабдыктарын кароодон өткөрүп,  видеону түшүрүүгө даярдык көргөн телеоператорлор.  Маалымат жазып, микрофон сунуп жооп алган шамдагай, ишине так кабарчылар.  Мунун баары “Замананын” күнүмдүк иши.  Алардын катарында эфир артында көрүнбөй чоң эмгек жасаган, эфирден кеткен ар бир сөзгө, маалыматка көз жүгүрткөн кесипкөйлөр бар. Мына ушундай жоопкерчиликтүү  ишти колго алгандардын бири Акыл Абдылдаева. Ал кесиптештеринин арасында табиятынан жөнөкөй, иш десе ичкен ашын жерге койгон, кичүүлөргө үлгү болгон, акылгөй адам. Бул чөйрөдө иш алып барганына жыйырма жыл болду.
 
“Замана” студиясынын шеф редактору  Акыл Абдылдаева:
- Ар күн сайын маалымат менен иштейбиз. Коом, көрөрманга эмне кызыктуу, кандай маалымат жагат, кайсынысы пайдалуу – дал ушул өңүттө иш жүргүзөбүз.  Анткени, ааламдашуу доорунда адамдар ала турган маалыматтар абдан көбөйдү. Ушундай шартта атаандаштыкка туруштук берип иш алып баруу зарыл. Жалпыга  маалымдоо каражаттарынын  тарбия берүүчү функциясы да бар экени талашсыз. Биз коомдун бардык тармагы менен иштешкенге аракеттенебиз. Өзгөчө маданият тармагында, жаңы чыгып келаткан жаштар болобу аларды калың журтка таанытуу вазыйпасы да бар экени чын.  Сапаттуу продукция элге жакса, максатыбызга жетебиз деп ойлойм.
3 саттык эфирди 3 оператор тартат
“Замана” студиясында 4 оператор эмгектенет. Ар күнү таңкы 6.00дөн тарта эфирге даярданышат. Бул багытта жыйырма  жылдан ашуун Коомдук каналда, анын ичинде дал ушул таңкы студияда камера көтөрүп, ар бир тартылган сюжет үчүн жан үрөп келаткан кызматкерлердин катарында жогорку категориядагы телеоператор Жаныш Саманчиев да бар. Ак эмгегинин арты менен КТРКнын отличниги, Маданияттын мыкты кызматкери наамдарын алган.
 
Жогорку категориядагы телеоператор Жаныш Саманчиев:
- Теле жаатына 1993-жылдын 6-августунда оператордун ассистенти болуп ишке киргем. Азыркы КТРКдагы  “Ала-Тоо” маалымат программасы ал кезде “Мезгил” аталышында эфирге чыкчу. Андан кийин  1996-жылы “Заманага” которулдум. Кудай кут кылсын,  22 жылдан бери  дал ушул студияда иштеп келе  жатам. Адам кесип жана өмүрлүк жар тандоодон жаңылбоо керек дешет. Чынында дал ошондой экенине ынанам. Турмуш жолумда баарына шүгүр кылам.  Оператор болуш үчүн чыгармачылыкты жон териң менен сезүү зарыл.  Эфирди, сюжетти кооз жана сапаттуу кылып тартуу биздин милдет. Бир күндө ондон ашуун  сюжет тартабыз. Ал эми таңкы 3 сааттык эфир – бул түз эфир. Түз эфирди 3 оператор тартып, ишке ашырат. Кесибимдин арты менен Түштүк Корея, Түркия ж.б. өлкөлөрдө болдум. Оператордун жумушу – ары кызыктуу жана жоопкерчиликтүү. Кесиптик тармакта бар билгенибизди жаштарга үйрөтүп,  жакшы телекөрсөтүүлөрдүн эфирге кетишине кызыкдарбыз.
Бардык тармак менен иштешет
“Замана” студиясы коомдун бардык тармагы менен иш алып барышат.  Алар коомго  жарык маанай тартуулаган жакшы жаңылыктарды жеткирүү аракетин көрүү менен алек.  Өлкөнүн башкы каналынын 60 жылдык майрамына карата кызматкерлердин дарегине жылуу сөздөрдү  айтып коюуда  алардын ишине дем берээри анык. 
 
"Имарат-Строй" курулуш компаниясынын башкы директору Бейшенбек Иманалиев:
“Замана” – эл сүйгөн программа”
- “Замананын” көрүүчүлөрү көп.  Эл жашоосун чагылдырган программа. Өзгөчө аймактарда жашаган жарандарыбыз калтырбай көрүшкөнүн байкайм. Мындан бир канча жыл мурда өндүрүш тармагына  көңүл бөлүшүп, эмгек кылып ийгилик жараткан жаратмандарды жеринен тартып, элге алып чыгышчу. Мисалы, дыйкан, дарыгер, мугалим, илимпозбу  же ээр чапкан усталардын эмгеги, күнүмдүк иши, турмушуна эл кызыгат.  “Замана” дал ушул багытта иш алып барып, калың журтка жакшы жаңылыктары менен бөлүшсө дейм.  Саны көп маалымат каражаттары көбөйдү.  Базар шартында сапат алдыга чыгат. Ал эми көп жылдардан бери  “Заманада” иштеген Акыл Абдылдаева абдан кесибине так,  калыс адам деп белгилеп кетээр элем.  Ал жасаган ишине үстүртөн мамиле кылбаган, ар убак изденүүнүн үстүндө экени байкалат. Телевидение күнү менен бардык журналисттерди куттуктайм,  үй-бүлөлөрү менен аман болушсун!
 
КР эл артисти  Саламат Садыкова:
“Заманадагыларга” сыйым чексиз” 
- Алгач Коомдук каналдын 60 жылдыгы менен куттуктайм!  Каналда эмне деген залкар кишилер иш алып барышкан.  Тамара Бакиева салып кеткен изги жолду уланткан белдүү кызматкерлер бүгүн да  бар. Каналдын ичинде “Замана” студиясы эл - журтка руханий байлык арнап, бабалар калтырган жол менен ар күнү салам айтып, ар бир үйгө  жылуулук тартуулашат.  Адам уйкусунан ойгонуп, даам ооз тие элек чакта, жакшылык тилеп эмгектерин арнашкан адамдарга, өзгөчө “Заманадагыларга” сыйым чексиз.  Анткени, чыгармачыл чөйрөнүн өсүү жолунда улуу, кичүү дебей  мамиле кылып, төрүнө өткөргөн жетекчиси Динара Кодуранова, ал эми акылгөй, адамга жаман ойлобогон, адамгерчилиги жогору  журналист Акыл Абдылдаева бар. Майрамдын алдында дал ушундай үлгү болгон кызматкерлерге ийгилик, ден соолук каалайм!  Керек болсо, мамлекет бере турган сыйлыгын берсе дейм. Эч жамандык көрүшпөсүн.   КТРК менен иштешкениме 40 жыл толду. Студия  улуу муун, жаштарга да бирдей шарт, мамиле кылып,  маданият тармагында да опол тоодой иштерди жасап келатышат. Ылайым бар болгула!
 
Мээрим Бактыбек кызы
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.