Курс НБ на 20.11.2019 $69,8500 €77,2506

Залкар таланттарга арналган фестиваль өтөт

Маданият
20 - Июнь 2018
www.erkintoo.kg
459
Бишкек шаарында 24-29-июнда СССРдин артисти Муратбек Рыскуловдун 110 жылдыгына, Кыргыз Республикасынын эл артисти  Сабира Күмүшалиеванын 100 жылдыгына жана таланттардын уулу, атактуу режиссёр Искендер Рыскуловдун чыгармачылыгынын 60 жылдыгына арналган Республикалык  театр фестивалы болот. Аны уюштурган  КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги. Иш-чаранын максаты -кыргыз элинин залкар инсандарынын элесин түбөлүккө калтыруу, театр ишмердүүлүгүнүн көркөмдүк деңгээлин көтөрүү дешет уюштуруучулар.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.