Курс НБ на 12.11.2019 $69,8426 €77,0294

Ысык-Көлгө ири аквапарк курулат

Маданият
17 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
469
Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн басма сөз катчысы Жаныбек Кожоев "Азаттыкка" билдирген. Азырынча аны курууга Бактуу-Долоноту айылындагы ат майдан менен "Көгүлтүр Ысык-Көл" пансионатынын ортосундагы бош жер каралууда,-делет маалыматта.  Салына турган аквапарктын күнүнө эки жарым миң киши кабыл ала тургандай мүмкүнчүлүгү болот. Андан сырткары, ошол эле жерге мейманкана куруу планы да бар. Курулушка инвестиция катары төрт миллиард рубль жумшалып, долбоор орус ишкерлеринин жардамы менен ишке ашмакчы.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.