
Курс НБ на 28.01.2021 $84,8000 €103,0066

Ысык-Көлдө таланттуу балдар чогулду
Ысык-Көлдө Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын лидер-окуучулары жана сүрөтчү балдардын катышуусунда "Ысык-Көл балдардын көзү менен" аттуу жолугушуу өтүп жатат. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Иш-чарага Сары-Ой айылында өтүүдө ага 400 бала катышып жатат. Балдар бизнес-оюндарга, "Бирге кадам таштоо", "Биз дүйнөнү жакшыртабыз" социалдык долбоорлоруна жана ыр, бий сынактарына катышат.
Айнура Шайкеева
Айнура Шайкеева
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек