Курс НБ на 12.07.2020 $77,8000 €87,8362

Ырчы Нэна «Diamond Voice 2016» эл аралык сынакта 2-орунду жеңип алды

Маданият
20 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
448
Кыргызстандык ырчы Нэна «Diamond Voice 2016» ырчылардын эл аралык сынагында 2-орунду жана көрүүчүлөрдүн симпатиясы сыйлыгын жеңип алды. Бул тууралуу ырчы өзү билдирди.  Анын айтымында, сынак 26-ноябрдан 2-декабрга чейин Праганын Чехия шаарында өтүп,  12 өлкөдөн 15 ырчы катышкан. “Бул сынак Евробиримдик аймагында абройлуу болуп эсептелет. Ал жакка катышуу кыйын, анткени дирекция ар кайсы өлкөлөрдөн ырчыларды өзү тандап алат. Сынактын жетекчилиги бир нече жылдан бери мени бул сынакка чакырып келе жатат”-деди ал. Ырчы сынактын алгачкы күнү “Мен сенден сүйүү күтөм” деген кыргыз ырын, 2-күнү Уитни Хьюстондун «I wanna dance with somebody» аттуу ырын, ал эми 3-күнү «Нарындан жазган салам кат»аттуу кыргыз ырын ырдаган. “Мен 2-орунду ээледим. 1-орунду грузиялык жана чехиялык ырчылар бөлүп алышты”-деди ырчы. Мындан тышкары ал жюринин курамында Кыргызстандан өкүл болбосо да алардын баасына татып, 15 катышуучудан финалга чыга алганын белгиледи.
Ошондой эле ырчы мындан аркы планы менен бөлүштү. “Сынактан соң ар кайсы өлкөлөрдөн чакырууларды алдым. Жакынкы күндөрү Болгариядагы эл аралык сынакка катышууну пландап жатам” -деди ырчы.
Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.