Курс НБ на 21.01.2021 $84,5260 €102,5512

Усманова Өзбекстанда кайрадан ырдай баштады

Маданият
09 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
676
Өзбекстандык ырчы Юлдуз Усманова кайрадан ырдай баштаганын  шоу-бизнес тууралуу маалыматтарды жазган sayyod сайты маалымдады. Усманова  бир канча жылдан бери Өзбекстандагы теле-радиолорго  ырдап чыкпай калган. Ал 8-декабрда Мамлекеттин Конституциясы кабыл алынган күндүн урматына уюштурулган концертте ырдап, мамлекеттик телеканалдан көрсөтүлгөн.
Эскерте кетсек, маркум президент Ислам Каримовдун учурунда  Өзбекстанда бир катар ырчыларга Өзбекстандын  аймагында концерт берүүгө жана ырдоосуна тыюу салынган. Тыюу салынган ырчылардын катарында  Юлдуз Усманова дагы бар болчу. Өзбекстандын  "Водий садоси" ("Өрөөн жаңырыгы") радиосу 9-декабрдан тартып  Усманованын жаңы ырлары эфирден кетерин  билдирген.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.