Курс НБ на 24.02.2020 $69,8500 €75,6266

Украинада “Манасчы Саякбай” фильми көрсөтүлдү

Маданият
02 - Сентябрь 2019
www.erkintoo.kg
109
Эгемендүүлүк күнүнө карата Кыргызстандын Украинадагы элчилиги кыргыз диаспорасы менен биргеликте Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 28 жылдыгын жана Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгын майрамдоого арналган чакан концерт уюштуруп жана “Манасчы Саякбай” аттуу фильмин көргөздү. Ошондой эле, Элчилик кыргыз диаспорасынын арасында Атайын жана ыйгарым укуктуу элчинин кубогуна мини-футбол боюнча үстөл тенниси, аркан тартыш жана ар түрдүү эстафеталарды уюштуруп, спорттук мелдештерди өткөрдү. Мелдештин жыйынтыктары боюнча жеңүүчүлөргө Кубок, диплом, медалдар тапшырылып, өзгөчө айырмаланган катышуучулар дагы баалуу белектер менен сыйланышты.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.