Курс НБ на 03.07.2020 $77,1102 €86,6140

ТҮРКИЯ-ТРАБЗОН / 21-ЭЛ АРАЛЫК КАРА ДЕҢИЗ ТЕАТР ФЕСТИВАЛЫ

Маданият
21 - Январь 2020
www.erkintoo.kg
192
2020-жылдын 2-15 май күндөрү Түркиядагы Кара деңиз жээгинде жайгашкан Трабзон шаарында 21-эл аралык Кара деңиз фестивалы өтөт.
Аталган иш-чара Түркия мамлекеттик театрлары жана Трабзон шаарынын мамлекеттик театры тарабынан уюштурулуп жатат.
Иш чаранын максаты – Түркиянын улуттук театры менен Трабзон шаарныны мамлекеттик театрына жана ошондой эле дүйнөнүн ар тарабынан келген чыгармачыл топторго келечекте кызматташтык жүргүзүүлөрүнө шарт түзүү болуп саналат.
Аталган фестивалга бүткүл дүйнө жүзүнөн келген көрүүчүлөрдүн жана катышуучулардын саны жыл сайын өсүүдө.
Трабзон шаарынын мамлекеттик театры тамак-аш жана жатакана чыгымдарынын баарын өзүнө алат.
Тиркемеде катталуу формасы, катталуу шарттары боюнча толук маалымат бар. Каталуу DVD/CD/VCDге жазылган маалыматы жок тандоо комитети тарабынан кабыл алынбай тургандыгын эскертебиз. Катталуунун акыркы мөөнөтү 2020-жылдын 15-февралы.

Толук маалымат алуу үчүн тиркемеде англис тилинде; интернет баракчасында болсо төмөндөгү шилтемени басыңыз:
www.devtiyatro.gov.tr


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.