Курс НБ на 12.11.2019 $69,8426 €77,0294

“Триумф жана трагедия"

Маданият
11 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
745
Дарика Жалгасынова! Бул ысымды билбеген кыргыз жок чыгар! Дарика Жалгасынованын аргендей созгон обонун тыңшап, ал аткарган ырларды жаттап ырдап, кыргыздын канча мууну тарбияланды!
Бул күндөрү Кыргыз Республикасынын эл артисти Дарика Жалгасынованын 75 жаш мааракесин коомчулук кеңири белгилөөдө. Төлгөлүү бул тоюнун алдында кыргыздын таанымал ырчы кызын Президентибиз өз жарлыгы менен III даражадагы “Манас” ордени менен сыйлашы да абдан жакшы иш болду! Ал эми Дарика Жалгасынова ырчы гана эмес, көп кырдуу талант экенин, ал элине ырдап гана бербестен, ырдан да артык башка эмгектерди өтөгөнүн көпчүлүк биле бербейт.
Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, маркум Эрнест Турсунов менен Кыргыз Республикасынын эл артисти Дарика Жалгасынова биргелешип жазып, 2012-жылы Бишкектеги “Турар” басмасынан жарык көргөн “Триумф жана трагедия” деп аталган эмгек учурунда коомчулук тарабынан абдан жакшы кабыл алынып, кыргыз адабиятына эле эмес, көп тармактуу, көп жанрдуу театр искусствосуна да кошулган салмактуу салым катары бааланган. Эсимде, “Триумф жана трагедиянын” А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын имаратында өткөн таанытымында окурмандар: чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү, белгилүү акын-жазуучулар, театр жана искусство ишмерлери, окумуштуу-адистер бул китепке абдан жогору баа беришип, жылуу пикирлерин айтышкан.
Китеп кыргыз театр жана кино искусствосуна арналып жазылган буга чейинки эмгектерден авторлор театр өнөрүн опера, драма, филармония ж.б. тармактары боюнча бөлүп классификациялагандыгы менен айырмаланат. Деги эле кыргыз искусствосун түптөп жана мурдагы совет доорунда союздук деңгээлге чейин дүңгүрөтүп көтөргөн чыгаан таланттар, Кыргыз опера жана балет, драма театрынын залкар артисттери, ырчы-бийчилери, кыргыз искусствосунун башка жанрларынын да жаратуучулары (мисалы, көркөм сүрөттөгү Гапар Айтиев сыяктуу), алардын айрым чыгармалары жөнүндө аларга аралашып чогуу жүргөн замандаштары, жазуучу менен актриса-ырчы иликтеп-жиликтеп, жалпыга жеткиликтүү жалпак тил менен жазып берген портреттик баяндары уникалдуу чыккандыгын окурмандар бир ооздон баса көрсөтүшкөн.
Кыргыз искусствосунун залкарлары жөнүндө биз билбеген абдан кызыктуу маалыматтарды камтыган, керектүү фотосүрөттөр менен кооздолуп, басмаканадан да сабаттуу жасалгаланып, жакшынакай кагазда, татына көркөмдөлүп басылып чыккан бул китепке чындыгында бардыгыбыз кубанганбыз. Бирок, ачыгын айтуу керек, албетте, совет доорунда кинодо эле эмес, театр искусствосунун бардык жанрларында да “кыргыз керемети” жараткан триумфту, анан СССР кыйрап, рынок экономикасы келгендеги, “этти коюп, табакты таба албай калгандагы” трагедияны, жалпы искусстводогу жана андагы жаратман ар бир таланттын тагдырындагы трагедияны кеңири чагылдырууга бир китеп аздык кылмак. Чындыгында эле авторлордун ойлонуштурган максаты (замысел) логикалык жагынан аягына толук чыкпай, чаласы калып калгандай сезилген. “Аттиң, бири кем дүйнө, бул долбоорду аягына чыгарганга чейин эсил кайран Эрнест Турсунов агайыбызды ажал алып кетпедиби...” деп үшкүрүнүп тим болгонбуз. Көрсө жаңылыптырбыз. Эрнест агай көзү тирүүсүндө эле Дарика эжебиз экөө 1-китеп кандай жазылса, дал ошондой жоргосунан жазбай, 2-син да жазып даярдап, редакциялап коюшкандыгын, агай гана бул эмгектин “көз жарганын” көргөнгө үлгөрбөй калганын бүгүн билип олтурабыз.
Тилекке каршы каражаттын тартыштыгынан улам Дарика эжебиз көлөмү 500 бетти түзгөн бул китепти жарыкка чыгара албай, улук башын кичик кылып, бүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматын баш кылып, “көрүнгөн басманын эшигин сүзгүлөп” жүргөн кези экен. Эженин көп кырдуу талантынан кабары жок, “Жалгасынова ырчы болсо китепти кантип жазмак эле? Эрнест байкесине жөн эле учкашып алган да...” дегендерге маалымат берип койгум келет. Дарика Жалгасынова жалгыз ырчылыгы менен гана элинин сүймөнчүлүгүнө айланган талант эмес. Эжебиз – ар өнөрдү аркалаган көп кырдуу инсан. Коомдук ишмер, ары сөзмөр радио журналист (кыргыз радиосунда көп жылдар эфирден түшпөгөн “Дариканын ак өргөөсү” берүүлөрүн айтып жатам), ары акын катары “Дүйнөнүн өзү – музыка” сыяктуу ыр жана театр өнөрү боюнча жазып чыгарган бир нече альбом-китептери үчүн эжебиз Кыргызстан улуттук жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган. Демек, “бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун!” дегендей, эжебиз Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, маркум Эрнест Турсунов менен авторлукта “Триумф жана трагедиянын” 2 китебин жазуу менен эли үчүн зор иш кылды деп эсептейм. Эми аны жарыкка чыгарып алса, авторлошу Эрнест агайыбыздын арбагынын алдында да, эл алдында да Кудайга жагар сооп иш болмок.
Кыргыз элинин маңдайына бир жаралып калган таланттуу эжебиз минтип 75 жашка толду. “Ушул китеп жарык көрсө, мен үчүн орден алгандан да артык сыйлык болот эле...” – деп айтты мааракесинде Дарика эже. Эжени торколуу тою менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын эл артисти Дарика Жалгасынованын бул тилегине жетишине Өкмөт да, эл арасындагы меценаттык кылууга жароочу азаматтар да көңүл буруп, көмөк көрсөтөр деген тилекти билдиргим келет. Бар болуңуз, Эже!
Жедигер Саалаев, КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы, акын
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.