Курс НБ на 12.11.2019 $69,8426 €77,0294

«Тил жана Айтматов»

Маданият
30 - Ноябрь 2018
www.erkintoo.kg
920
Бишкек шаарынын Биринчи май муниципалдык администрациясы тарабынан Чыӊгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган иш-чара Чыӊгыз Айтматов атындагы Орус улуттук академиялык драма театрында өттү. “Кыргыз эли үчүн кылган эмгегин бийик баалайбыз! Ошон учүн биз, Бишкек шаарындагы райондордун бирине Чыӊгыз атабыздын ысымын ыйгарууга Бишкек шаардык кенештин атынан Өкмөткө сунуш киргизип жатабыз», — деп белгиледи Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров.
Иш-чарага ошондой эле Бактыбек Абдиев жана Эрмек Усубалиев катышып, Айтматовдун 90 жылдыгына карата мыкты мугалимдерге Ыраазычылык кат тапшырышты. Ошондой эле мектеп окуучулары Айтматовдун чыгармалары боюнча театрлаштырылган оюн көргөзүштү. Ал эми театрдын фоесинде жазуучунун чыгармалары боюнча мектеп окуучулары тарткан сүрөт жана башка инсталляциялардын көргөзмөсү уюштурулган.
 Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.