Курс НБ на 16.11.2019 $69,8500 €76,9922

Sports Illustrated журналы көк бөрү тууралуу документалдуу тасма тартты

Маданият
03 - Декабрь 2018
www.erkintoo.kg
189
Америкалык белгилүү Sports Illustrated спорттук журналы кыргыздын улуттук оюну болгон көк бөрү тууралуу 17 минуталык документалдуу тасма тартты жана аны өзүнүн телеканалы аркылуу көрүүчүлөргө тартуулады. Тасма үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Ысык-Көлдө өткөн Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын учурунда тартылган. Аталган журнал 1954-жылдан бери чыгып келет жана учурда анын нускасы 3,2 миллионго жетет.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.