Курс НБ на 12.11.2019 $69,8426 €77,0294

Сахнага арналган өмүр: Дарика Жалгасынова 75 жашта

Маданият
11 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
1566
Кыргызстандын эл артисти, Казакстандын искусство тармагына эмгек сиңирген ишмери Дарика Жалгасынова 75 жашка чыкты.   Чыгармачылык чыйырында терең из калтырган Дарика Жалгасынова көп кырдуу талант. Ал жалпысынан искусство тармагына 45 жыл кызмат өтөп, опера ырчысы гана эмес акын катары да белгилүү. КРнын Эл артисти, опера ырчысы Дарика Жалгасынова Талас облусунун  Кара-Буура районунун Чолпонбай айылында туулган.
Чыгармачылыкка 1966-жылы Москвадагы П.И.Чайковский атындагы консерваториянын вокалдык факультетин бүткөндөн кийин келген. Ошондо опера жана балет театрында Дарика Жалгасынованын эмгек жолу башталып, ал жакта 1978-жылга чейин иштеген. Сахнада театрды түптөгөн Бейшеналиева, Кийизбаева сыяктуу улуулар, Малдыбаев, Жумакматов, Давлесов, Молдобасанов сыяктуу шумкарлар менен бирге ырдап такшалган. 1978-жылы А.Жумакматов атындагы симфониялык оркестрге солист болгон. 
Баш-аягы 5 китеп жаратып, акыркысы "Триумф жана трагедия" деп аталган. Ал театр өнөрүнүн устаттары тууралуу 600 беттүү көлөмдүү чыгарма. Анда 20-кылымда опера жана балет театрында, улуттук филармонияда, кыргыз драма театрында эмгектенген улуу инсандар жөнүндө сөз болот.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.