Курс НБ на 12.11.2019 $69,8426 €77,0294

"Үркүн" тасмасы Кыргызстанды кыдырат

Маданият
17 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
499
"Үркүн" тасмасы өлкөнүн облустук борборлорунда элге көрсөтүлөт. Бул тууралуу  "Саякбай манасчы" коомдук фондусунун мүчөсү, белгилүү манасчы Улан Исмаилов билдирди. Белгилүү болгондой  аталган тасманын бет ачары 12-октябрда Бишкектеги "Манас" кинотеатрында өткөн. Исмаиловдун айтымында, алгач "Үркүн" Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында көрсөтүлгөн.  Кезек  Жалал-Абад, андан кийин Баткен, Ош, андан соң Талас, Нарын облустарынын борборлорунда көрсөтүлөт. Эң акыркылардан болуп Чүй облусуна келет. “Үркүн” тасмасы  Тарых жана маданият жылына жана 1916-жылдагы кѳтѳрүлүштүн
100 жылдыгына карата тартылган.

Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.