Курс НБ на 14.11.2019 $69,8500 €76,8979

​Ош шаарында мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы белгиленди

Маданият
30 - Октябрь 2019
www.erkintoo.kg
30
Кечээ Ош мамлекеттик университетинде "Турдакун Усубалиев – көрүнүктүү мамлекеттик, коомдук жана саясий ишмер" аталышындагы илимий-практикалык конференция болуп өттү. Ага бир катар коомдук ишмерлер, ЖК төрагасы Дастан Жумабеков, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев ж.б. катышты. Иш-чаранын алкагында сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп, Усубалиев тууралуу даректүү тасма көрсөтүлгөн. Ошондой эле анын өмүр баяны жана мамлекеттик кызматты ээлеп турганда жасаган иштери тууралуу баяндама жасалган.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу