Курс НБ на 18.01.2021 $84,6069 €102,1163

Нью-Йорктогу америкалыктар кыргыз маданияты менен жакындан таанышат

Маданият
21 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
609
Нью-Йорк шаарынын  тургундарын кыргыз маданияты, музыкасы жана мурасы менен жакындан тааныштыруу боюнча программа ишке кирди. Мындай маалыматты Кыргыз-Америка фонду Facebook баракчасында маалымдады. Маалыматтарга караганда, программага бардык каалоочулар катыша алат. Программанын негизги максаты кыргыз маданияты менен салтын сактоо жана кыргыз искусствосун Америкада жайылтуу болуп саналат. Иш-чарага Кыргызстандын тарыхы, кыргыз тили, комуз үйрөтүү кирет.  Акыркы сабактар Манхэттен жана Бруклинде өтөт. Курстун мөөнөтү 13 жуманы түзөт, тактап айтканда, сабактар жумасына эки жолу өтүлүп, үч айга чейин созулат.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.