Курс НБ на 14.07.2020 $77,7022 €87,9123

Нью-Йоркто кыргыздын фольклордук музыкасы жаңырат

Маданият
11 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
612
Нью-Йорктогу эң белгилүү  Merkin Concert Hall at Kaufman Music Center залында кыргыздын фольклордук жана классикалык музыкасы жаңырат. Бул тууралуу  кыргыз-америка фондунан билдиришти.  Маалыматка караганда, иш-чара  үстүбүздөгү жылдын 16-мартында кечки саат 20.00дө болот. Салтанатта  Кыргызстан менен Американын жылдыздары пианист Азамат Сыдыков, Кайры Кошоева, Жонатан Левин, комузчулар Перизат Копобаева менен Элвира Абдиева, опера ырчысы Николета Раллис жана башка таланттар белгилүү композитор Атай Огонбаев, Ниязалы, Калый Молдобасанов, Владимир Фере, Таштан Эрматов, Михаил Бурштин, Муратбек Бегалиев жана Жылдыз Малдыбаеванын чыгармаларын аткарышат. Кыргыз-америка фонду Азамат Сыдыков, Жонатан Левин жана Николета Раллис тарабынан түзүлгөн. Негизги максаты  Кыргызстан менен АКШнын маданий байланыштарын жакшыртуу болуп саналат.
Айнура Шайкеева

 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.