Курс НБ на 18.09.2019 $69,7942 €76,9027

​Нарында комуз күнү белгиленди

Маданият
10 - Сентябрь 2019
www.erkintoo.kg
25
Өлкө башчысынын Жарлыгы менен быйыл алгач ирет белгиленип жаткан 9-сентябрь, Комуз күнүнө карата Нарын шаарында чоң программадагы маданий иш  - чара уюштурулду. Комуз майрамы Турдакун Усубалиев атындагы борборук аянтта комуз кайрыктары менен башталды. Нарын шаарындагы Жумамүдүн Шералиев атындагы балдар искусство мектебинин жаш жеткинчектеринен жана мугалимдеринен турган 60 комузчу “Чайкама” күүсүн жогорку чеберчилик менен аткарып беришти. Маданий иш чараны ачкан Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Давид Курманов кыргыз элине таандык улуттук маданий баалуу мурасыбыз болгон комуздун жаралуу тарыхына, уникалдуулугуна, улуу комузчуларга, деги эле комуз өнөрүнүн кыргыз элинин турмушундагы ролу туралуу айтты. Ал эми Ж. Шералиев атындагы балдар искусство мектебинин алдындагы “Кызгалдак-Наристе” бий тобунун “Комузчу” бийи көпчүлүктүн назарын бурду.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу