Курс НБ на 16.11.2019 $69,8500 €76,9922

Мен билген Бүбүкан эже

Маданият
27 - Ноябрь 2018
www.erkintoo.kg
425
Журналистиканын устаты
Кечээ “Марал” радиосунда белгилүү телерадио журналист, устат, окутуучу Бүбүкан Досалиева бүгүнкү коомубуздагы өксүктөр, адамдардын кайдыгерлиги, дегеле эмнеден аксап, эмнеге жетпей жатканыбыз туурасында жүрөгүнөн сызылып чыккан ойлорун төгүлүп-чачылып айтып отурганын уктум. Эженин сөзүн дагы кайталап уккум келди. Кудум 30 жыл мурда жагымдуу үнү менен ушул айтып жаткандарым жетип жатабы дегендей студенттеринен көзүн албай, бериле сабак өткөн күндөр эске түштү. 1985-жылы биз 4-курста окуп жатканда университетти бизден мурда бүткөн Бүбүкан эже “Зарубежная журналистика” предметинен сабак берип калды. Ал кездеги жалгыз университеттин журналистика бөлүмүнүн 1986-жылкы бүтүрүүчүлөрү эженин эң биринчи студенттери болуп саналабыз. Эже предметке байланыштуу программадан тышкаркы илимий-популярдуу китептерди окууга үндөп, китепканадан көтөрүп келген күндөрү болду. А биз баарын окуп бүтүп койгонсуп,“Сиз эмнеге телевидениеге иштегенге барбайсыз, дикторлукка конкурс жарыяланды го” деп эжени башка кепке тартканга аракеттенсек, мейли барып көрөйүн деп күлүп коюп, анан бат эле сөздү темага буруп, сабагын улантчу. Эженин келишимдүү келбети, жагымдуу үнү, айжаркын жүзү биздин көз алдыбызга ал кездеги саналуу тележылдыздар болгон дикторлорду элестетип турчу. Ошондогу анын эң биринчи студенттери жаңылбаптыр. Эже бүгүн биз каалагандай тележылдыз, кыргыз журналистикасынын жүзү, журналистиканын устаты.
Бүбүкан эже 1983-жылы КМУнун журналистика бөлүмүн бүтүп жатып, мыкты студент катары ал кездеги коомдук-саясий олуттуу мекеме болгон "Кыргызстан" басмасына жолдомо алат. Бирок басманын директору Барктабас Абакиров кыздардан журналист чыкпайт деп жумушка албай койгондон кийин республикалык балдар китепканасында библиограф, илимий-методикалык бөлүмдүн ага редактору болуп эмгек жолун баштаган. Бул кезде эже өмүрлүк жубайы Калык байке экөө 2 кыздуу болуп калышкан. Андагы кыргыздарда кайдагы үй, орустардын короосунда эл катары батирде жашашчу. Аял киши үчүн үй ичиндеги түйшүк деле жетиштүү, бирок эже эки кызын энелик мээримден да кем кылбай багып, китепканада иштеп, анан аз өтпөй университеттин журналистика бөлүмүнө сабак да бере баштайт. Ошол мезгилден бүгүнкү күнгө чейин практикалык журналистика менен катар эле окутуучулук, устаттык ишин улантып, борборубуздагы ЖОЖдордун журналистика факультеттеринде сабак өтүп келет. Кыргызстандын маалымат айдыңында иштеп жаткан журналисттерди сураштыра келсек эженин студенттерин кадам сайын кезиктиребиз. Бүбүкан эже студенттерге практикалык тажрыйбасын гана бөлүшпөстөн, илимий негизде сабак өткөн окутуучу. Анын сабак өтүү чеберчилиги, дегеле адамдык жана педагогдук касиети боюнча студенттеринен жалаң гана жылуу кептерди угууга болот.
 
Илимге барса ийне менен кудук казмак
 
Журналистикада укук маселеси дайым актуалдуу, журналистика саясаттан тыш боло албайт, ал мына ошонун чордонунда болот. Бүбүкан Досалиева өзүнүн практикалык жана теориялык билиминин негизинде бул темаларды илимий өңүттө ар тараптуу изилдеп-иликтеп, “Кыргызстандагы ММКлар: саясий-укуктук аспект” деген темада Саясий илимдердин кандидаты илимий даражасын жактаган. Журналистика - күн сайын акыл-эмгек, энергияңды колдон жулуп алып кеткен конвейердей эле баш-аягы көрүнбөгөн түпсүз, кайтарымсыз бир мейкиндик сыяктуу. Эгерде эже журналистиканын эмес, илимдин артынан түшкөндө ал бүгүн илимдин доктору, академик болмок. Мен буга бөркүмдөй эле ишенем. Анткени эжеде тыным албаган эмгекчилдик, кандай маселе болбосун ар тараптуу талдап, данегин бөлүп, сөөгүн ажыраткан сергек аналитикалык жөндөм бар. Ал илимге барса да илимдин казанында эле кайнап, четте кала бербейт болчу. Жүрөгүндө идеялары тынчтык бербей күйүп-жанган Бүбүкан эже коомдук турмушка аралашпай коё алмак эмес. Илимий табылга, негиздерине таянып коомубуздун өнүгүүсүн алдыга баштаган ой-пикир, сунуштарын ортого салып жан үрөгөн кашкөй коомдук ишмер болмок. Анткени ал элибиз, коомубуз өзгөрсө, өнсө деген улуу тилек менен жашаган, турмуштук бекем позициясы бар алдыңкы көз караштагы активдүү инсан.
 
“Үзүлбөй калган алмалар”
Ал башкалар анча байкап-аңдай бербеген социалдык көйгөйлөрдү таап чыгып, коомдун таразасына коё билген кыраакы журналист. Университетте окуп баштаган алгачкы жылдардан баштап эле кыргыз радиосунун балдар жана жаштар редакциясынын уктурууларынын алып баруучусу, кийин штаттан тышкаркы кабарчысы болуп иштеп жүрүп, телерадио “ашканасын” жакшы өздөштүрүп алган эле. Китепканада иштеп, ага удаалаш студенттерге сабак берип жүргөн кезде КТРдин Жаштар редакциясынын башкы редактору Сейит Алтымышев жумушка чакырат. Ошентип 1985-жылдан баштап 1993-жылга чейин Бүбүкан эже КТРде иштеди. 1988-жылы телерадио кызматкерлеринин Москва шаарындагы Бүткүл союздук институнда окуп келет. Дээри күчтүү Бүбүкан эже кайра куруунун желаргысы менен ошол кездерде журналистикадагы жабык темаларды алып чыгып, ар кыл социалдык маселелерди көтөрө баштады. Мисалы, жатаканалары түнкү саат 11.00дө жабылып, кыз-жигиттердин таанышуусуна жол берилбеген завод, фабрикалардын жумушчуларынын арасындагы турмуш куруу көйгөйүн, б.а. “кара далы” кыздардын проблемасын "Үзүлбөй калган алмалар" деген рубрика менен көтөрүп, программада таанышуу бурчун ачат. Ошол жылдары Карылар үйүндө 1-2ден пайда боло баштаган кыргыз карылары тууралуу "Кайдасың, кайрымдуулук?" деген рубрика менен улуттук наркта, салтта жок көрүнүшкө күйүп, коомго коңгуроо кагат. Совет доорунда аялдар арасында сойкулук, кылмыштуулук жок деген идеологияны "Тор артындагы тагдырлар", "Түнкү көпөлөктөр" деген рубрикалардын алдында жокко чыгарып түрмөдөгүлөр, ичкич жана сойку аялдар, алардын ушундай абалда калышынын себептерин ачууга аракеттенип, өздөрүн катыштырган программаларды эфирге алып чыгат. Чындыгында компартиянын режими өкүм сүрүп турган ал кездерде мындай көйгөйлөрдү көпчүлүккө дүң кылууга жол берилген эмес. Бул үчүн КГБ суракка алган күндөр да болду. 80-жылдардын аяк ченинде кыргыз тили маселеси курч көтөрүлүп, жыйынтыгында 1989-жылы кыргыз тили мамлекеттик тил болуп кабыл алынган. Журналист Бүбүкан Досалиева патриоттуулук деген эмне, эмне үчүн кыргыз тилине көңүл бурулбайт деген маселелерди байма-бай көтөрүп, коомдук талкууга жем таштаган программалары менен белгилүү болгон.
 
Студенттик радиодон сүйлөйбүз
 
Бирок 1993-жылы эже КТРден кетип, Кыргыз мамлекеттик университетине окутуучулукка өтөт. КТРден кетишине 4-5 телепрограммасы эфирге чыкпаганы себеп болгон. Бирок жаны тынбаган мээнеткечтик, кайда болбосун жаңы нерсе издеген жаратмандык көрөңгө жөн калмак беле. Эженин университетке келиши менен Телерадио журналистика кафедрасы ачылып, кафедра башчысы болуп иштей баштайт. Эже радиостудия ачып, студенттик редакция уюштурат. Буга чейин университеттен канчалаган журналисттер окуп чыктык, бирок телерадиого баргандар гана микрофон көрбөсө, башкаларыбыз аны бир кармап көрбөй эле бүтүп кеттик. Бүбүкан эже мына ушул кемтикти толтуруп, студенттерге практикалык радио журналистиканы теория менен айкалыштыра окутуу мүмкүнчүлүгүнө жетишет. Бүбүкан эженин тапшырмасы менен студенттер өзүлөрү радио программаларды жасап, жумасына чоң тыныгууда 15 мүнөттүк программалар обого чыккан. Ошондой эле 1995-жылдары студенттер кыргыз-англис тилинде 15 мүнөттүк уктурууларды даярдап, күнүнө Кыргыз радиосунан эки маал уктурулуп турган. Андыктан Бүбүкан Досалиева журналистика факультетиндеги Телерадио кафедрасынын пайдубалын түптөп, башатын ачкан көч баштоочусу десек туура болот.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси Бүбүкан Досалиева “Азаттык” радиосунда эмгектенет. Анын коомдук-саясий темадагы көптөгөн программалары менен угармандар жакшы тааныш. Телерадио тармагынын профессионал адиси катары Эже “Азаттык” радиосунун телепрограммаларынын башында турду. “Азаттыктын” биринчи теледолбоорлору болгон “Ыңгайсыз суроолор”, “Азаттык +” жаштар программаларынын алгачкы продюсери катары программанын калың элге сиңип, популярдуу болушунда анын эмгеги чоң.
 
Антон Чехов Бүбүкан эже жөнүндө айтса керек
Орус классиги Антон Чеховдун “Адам төрт тарабы төп келишкен сулуу болушу керек: өңү да, кийими да, ички дүйнөсү да, ойлору да” деген сөзү Бүбүкан эжеге куп жарашып турат. Анын ички бай маданиятына ажарлуу жүзү, келишимдүү келбети, кулпура кийингени жарашып, кимдин болбосун көңүлүн бурдурбай койбойт. Кезинде эженин баскан-турганына, сабак өткөнүнө, кийингенине, сүйлөгөнүнө катуу таасирленип, ушул эжедей болсом кана дешип, суктана сөз кылышкандыктарын мурдагы студенттери азыр да айтып калышат.
Чындыгында бардык жагынан төп келишкен адамдар чанда болот. Жараткан Кудай Бүбүкан эжеге бардык жагынан берген экен. Билими, иштеген иши жагынан эч бир өксүк жок. Жети-Өгүздүн Саруу айылында балалыгы өтүп, мыкты ата-эне тарбиясын көрүп, кыргыздын салтын, наркын боюна сиңирип чоңойгон. Ошондонбу эже эч бир жамандык-жакшылыктан калбайт. Таанымал адам катары анчалык мамилеси болбосо деле той-топурга чакыргандар көп. Эжеде бой көтөрүүчүлүк, текебердик деген нерсе таптакыр жок. Ошол эле учурда бирөөгө кошомат айтып, жагалдануу, жасакерлик да эже үчүн жат нерсе. Биз дагы улуу-кичүү дебей чай ичишип, жамандык-жакшылыкта катышып, жүрөбүз. Курбу-курдаштарынын арасында калыс, кандай учур болбосун жардам берип, колдоого даяр. Жакшы адам сөздү таап сүйлөйт дегендей бутага тийген куйкум сөздөрдү айтып, күлкү-шаңга бөлөгөн шайырдыгы да бар. Эже жылдызы жанган ажарлуу жүзү, жумшак мүнөзү менен катар эле мырзалардай мамилеге шар, түз адам.
Өмүрлүк жубайы Калык байке экөө 40 жылдан бери кол кармашып өмүр сүрүп, 4 баланы тарбиялап чоңойтушту. Кыздары турмуштагы ордуларын таап, элге кызмат кылып жатышат.   Уулу АУЦАны бүтүп, эл аралык айтылуу юридикалык компанияга кирип, магистрдик окуусун да улантууда. Бүгүн Калык байке менен Бүбүкан эже неберелерине сүйүктүү таята жана таене.
 
Алгыр куш жана олжолуу мергенчи
Бакыт тоголок, аны качырбай кармап калыш керек деп коёт элибиз. Бүбүкан эже өзү айтмакчы “Маалымат жеткизбей учкан алгыр куш, журналист аны кууган мергенчи” деп маалымат, кесиби артынан заман закымында тынбай учуп, олжолуу кайткан мергенчи сыңары өз максатына, бактысына жеткен бактылуу адам. Адатта талапчыл адам өзүнүн жетишкен бийиктигине ыраазы боло бербейт. Бүбүкан эжени азыр адамдар таш боор, өзүмчүл болуп жакындарына да, мамлекетке да, коомго да кайдыгер болуп баратканы түйшөлтөт. Буга билимсиздик, маданиятсыздык, эл алдында жоопкерчилик сезимдин жоктугу, ата салтын жээригендик себеп болууда дейт. Журналист, жаран катары улуттук өксүктөрүбүзгө огожо болчу эмне эмгек кылдым деген суроо аны кыйнап, ар убак көңүлүндө турганы турган.
 Бүбүкан эженин бекем ынанымында ар бир жаран өз мамлекетин, элин сүйүшү керек жана анын өнүгүшү, бекемделиши үчүн жоопкер. Кыргыз улуту өз тамырын жоготпой, ошол эле учурда азыркы заман талабына шайкеш өсүп-өнүгүүсүн шарттаган мамлекеттик саясат болушу керек жана аны аткарууга ар бирибиз салым кошууга милдеттүүбүз деп эсептейт. Ошондой эле өзүн бүгүнкү коомубуздагы ар бир көрүнүшкө жооптуу сезген кыжаалат сезим аны менен дайым жашап келет. Мен билген Бүбүкан эже мына ушундай жан.
 
Бегим ТУРДАЛИЕВА


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.