Курс НБ на 19.08.2019 $69,7839 €77,4776

МЕДРЕСЕДЕ ОКУГАН ЖАШТАР ТОЛЕРАНТТУУЛУККА ҮЙРӨНҮҮДӨ

Маданият
02 - Апрель 2019
www.erkintoo.kg
166
Кыргызстандагы медреселерде окуган жаштар толеранттуулук маселесине маани берип, коомчулук менен болгон карым-катышын жакшыртууда. Республиканын ар кайсы аймактарындагы медреселерден келген жаштар Бишкекте өткөн жыйында кызуу талкуу уюштуруп, “Толеранттуулук деген эмне? Ынтымактуу, өнүккөн коомду куруунун негизги таянычы кандай болушу керек?”  - деген маселенин айланасында ой толгоп, тажрыйба алмашты. “Бардыгыбыздын мекенибиз Кыргызстан болгондон кийин улутубузга, динибизге карабай өлкөдөгү тынчтыкты, коомдогу эркиндикти барктап-баалап, өнүгүүгө карай бет алышыбыз керек. Кыргызстандын келечеги дал ушу силерге окшогон жаштар. Ыйманыбыз таза, тарбиябыз мыкты болсо келечегибиз жакшы болушуна ар бирибиз салымыбызды кошкон болобуз” - деди муфтийдин орун басары Замирбек ажы Ракыев.
Терроризм менен экстремизмге каршы чакырык жасап, Кыргызстандагы конфессиялар ортосунда ынтымак болушун көздөгөн мындай талкууну “Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу” деп аталган долбоор уюштурду. Долбоор азыр өлкөнүн бардык аймагындагы медреселерде окугандардын ичинен бир-экиден тандап алып, аларга 10го жакын кесиптин түрүн үйрөтүүдө.  Муну АВЕП коомдук фонду менен АКШнын Кыргызстандагы элчилиги биргелешип ишке ашырууда. Максаты медреседе окуган жаштарга кыска мөөнөттүн ичинде акысыз шартта кошумча кесип үйрөтүп, кийин окуу жайды бүткөндөн кийин жумуш таап кетишине өбөлгө түзүү болуп жатат. Себеби эл аралык террордук топторго азгырып, алдоо жолу менен өзүнө имергендердин кылтагына көп учурда жумушсуз жүргөн жаштар чалдыгат. Учурда долбоор жалпы Кыргызстандын аймагындагы онго жакын медресе окуу жайларында ар кандай багыттар боюнча кесиптик билим берип жатат. Адистиктер: “Ашпозчу-кондитер”, “Ширетүүчү”, “Электромонтажчы”, “Тикмечи”, “Тиричилик техникаларын оңдоочу адис”, “Эмерек жасоочу уста”, “Слесарь-сантехник” жана “Компьютердик сабаттуулукка үйрөтүүчү адис” багыттары боюнча үйрөтүлүп жатат. Долбоордун алгачкы этабы 2015-жылы башталып, андан бери 1200гө жакын жаштар кесип үйрөнүп чыгышкан. Алардын ичинде 499у кыз балдар. Статистика боюнча курсту бүтүргөндөрдүн 65%ы жумуш менен камсыз болуп, туруктуу иштеп жатышат.  Медреселерде окуган жаштарды кесипке үйрөткөн жабдуулар менен камсыздап, окутуп, үйрөтүүгө кеткен чыгымдар толугу менен Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчилиги бөлгөн гранттык каражаттын эсебинен каржыланууда.
 Самара Капарова 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.