Курс НБ на 12.11.2019 $69,8426 €77,0294

"Манастын" айкели Стамбулга коюлат

Маданият
12 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
469
"Манас" баатырдын эстелиги Стамбулдун Бейоглу аймагына коюла турганын жеке ишкер  Темирлан Сарлыкбек уулу билдирди. Анын айтымында, учурда усталар Стамбул шаарында иш башташты. Алар үч ай иштешет. "Кечээ Стамбулдун Бейоглу районунун акими менен жолугуп иштин жүрүшүн талкууладык. Буюрса айкел тарыхый Халич жээгиндеги Сүтлүже паркына коюлат. Манас атабыздын айкелинин жанына Чыңгыз Айтматов, Жусуп Баласагын, Саякбай Каралаев жана башка түрк тилдүү өлкөлөрдүн орток баалуулуктарын даңазалаган башка маанилүү каармандардын дагы айкелдерин тургузууну сунуштадым", — дейт Сарлыкбек уулу. Манас баатырдын эстелигин белгилүү айкелчи Садабек Ажиев жана окуучусу Токталы Мурзакаримов жасашуда. Темирлан Сарлыкбек уулу айкелди жасап орнотууга кеткен бардык чыгымды өз мойнуна алган. Белгилей кетсек, Темирлан Сарлыкбек уулу Кыргызстандын жети дубанында өз демилге, каржысы менен мамлекеттик желек орноткон ишкер катары белгилүү.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.