Курс НБ на 21.07.2019 $69,6517 €78,3651

Манас, дастан үнү жаңырат

Маданият
26 - Июнь 2019
www.erkintoo.kg
74
27-28-июнда Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын кичи залында маданий  иш-чара өтөт. Бул күндөрү V Дүйнө элдеринин эпосторунун  Эл аралык фестивалынын алкагында өтүүчү Манасчылардын жана дастанчылардын республикалык кароо сынагы өтөөрүн Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады. Иш-чаранын башкы максаты - манасчылыкты жана дастанчылыкты аркалаган өнөр ээлерин камкордукка алуу, айтуучулук өнөрлөрдү алып жүргөн жаш муундарды жана жаңы ысымдарды элге алып чыгуу дешет уюштуруучулар.  Сынакка 5 жаштан 25 жашка чейинки өкүлдөр катыша алат. Кеңири маалымат алуу үчүн  тел.: (0312) 66-26-47, 62-26-83 кайрылууга болот.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу