Курс НБ на 08.07.2020 $77,6875 €87,5150

Кыргызстан таланттууларга шарт түзүү боюнча Азияда 3-орунда турат

Маданият
23 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
481
The Global Talent Competitiveness Index — 2017 (GTCI, таланттардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү рейтинги) рейтингинде Кыргызстан дүйнө жүзү боюнча 87-орунду, Азия боюнча 3-орунду ээледи. Аталган иликтөөгө 118 мамлекет катышкан. Рейтингде  Кыргызстан Борбордук жана Түштүк Азия боюнча Казакстан жана Шри-Ланкадан кийинки орунда турат. Ал эми жалпылай келгенде  Вьетнам (86-орун) менен Египеттин (88-орун) ортосунда. Орто Азия мамлекеттеринин ичинен Казакстан алдыңкы орунда (53-орун). Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан мамлекеттери көрсөтүлгөн эмес. 2017-жылы таланттуу кызматкерлерди эң кызыктырган өлкө катары Швейцария аныкталды. Андан кийин Сингапур, Улуу Британия, АКШ жана Швеция турат. 
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.