Курс НБ на 12.11.2019 $69,8426 €77,0294

Корей элчиси Улуттук китепканага түрдүү аталыштагы китептерди белек кылды

Маданият
11 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
478

Кыргызстандагы Корея Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Джонг Бёнг-ху корей тилиндеги 66 аталыштагы китептерди жана 89 СD дисктерди тапшырды.  Корея Республикасынын элчилиги тарабынан китепканага белекке берилген китептер тарых, искусство, маданият, экономика тармактарын камтыйт. Кыргызстандагы Корея Республикасынын элчилиги китепкананын Корея борборунда ар кандай иш-чараларды өткөрүүнү пландоодо. Китепкананын директору Ж.Бакашова Джонг Бёнг-хуну мындан ары да кызматташууга чакырды, атап айтканда Борбордо корей тилин үйрөтүү курсун ачууга жана КР Улуттук китепканасы менен Корея Улуттук китепканасынын кызматкерлеринин тажрыйба алмашуусуна көмөктөшүүсүн өтүндү.

 Мээрим Бактыбек кызы



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.