Курс НБ на 18.09.2019 $69,7942 €76,9027

Карбалас Бакиров Эл акыны болду

Маданият
29 - Август 2019
www.erkintoo.kg
43
Кыргызстандын Эгемендик күнүнө карата бир катар  адамдарды сыйлоо боюнча Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Сыйлыктар 31-август - Эгемендүүлүк күнүнө карата берилди. Алардын сап башында акын жана котормочу Карбалас Бакиров да бар. Ал Кыргыз Республикасынын Эл акыны болду. Карбалас Бакиров 1954-жылы 8-январда Токтогул районуна караштуу Кызыл-Өзгөрүш айылында туулган. 1971-жылы Өзгөрүш орто мектебин бүтүрүп, 1972-1977-жж. Киев шаарында Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1975-1979-жж. Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетинде окуган. 1979–1992-жж. КРнын Жазуучулар союзунун алдындагы үгүт бюросунун корреспонденти, 1992–2000-жж. «Кыргыз Туусу» гезитинде маданият жана искусство бөлүмүнүн башчысы, 2000–2003-жж. Кыргызпатентте (Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттик) котормочу болуп эмгектенген. 2003-жылдан «Эркин-Тоо» гезитинде маданият бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келе жатат.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу