Курс НБ на 08.07.2020 $77,6875 €87,5150

Караколдогу №14 бала бакчага барган орус, уйгур, дунган улутундагы балдар кыргызча сүйлөшөт

Маданият
23 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
546

 Каракол шаарындагы кыргыз тилинде иш жүргүзгөн №14 бала бакчада башка улуттун өкүлдөрүнүн балдары да тарбияланат. Бул тууралуу аталган бала бакчанын башчысы Аида Аракеева билдирди.
Анын айтымында, Каракол шаары боюнча 13 бала бакча болсо, анын экөө гана кыргыз тилинде иш жүргүзөт. Анын бири №14 бала бакча. Учурда анда 543 бала тарбияланат.
«Биздин билим жана тарбия берүү иштерибиз кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Балдарыбыздын арасында орус, уйгур, дунган жана башка улуттун өкүлдөрү бар. Алардын ата-энелери балдарына кыргыз тилин үйрөтүү максатында биздин бала бакчага алып келишет. Алардын көпчүлүгү кыргызча сүйлөп калды», - деди ал.
Бала бакчанын уюшулганына 4 жыл болгон жана анын ичинде балдарга бардык шарттар түзүлгөн.


Булак: Turmush



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.