Курс НБ на 08.03.2021 $84,8000 €101,1579

Кара деңиз флотунун ыр жана бий ансамбли Кыргызстанда

Маданият
22 - Февраль 2021
www.erkintoo.kg
144
21-февралда КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы менен Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин кызматташтыгынын алкагында Кара деңиз флотунун ыр жана бий ансамбли концерттик программасы менен Кыргызстанга келди.
Концерт Бишкектеги  К.Үсөнбеков атындагы Аскер институтунда өттү. Мекен коргоочунун күнүн утурлай уюштурулган концерттик программа курсанттардын жана аскер кызматчыларына майрамдык маанай тартуулады. Ошондой эле келген конокторго Генералдык штабдын жетекчилигинин ыраазычыктары жеткирилип, баалуу белектер тапшырылганын Коргоо министрлигинин  маалыматтык камсыздоо башкармалыгы кабарлады.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу