Курс НБ на 11.07.2020 $77,8000 €87,8362

Ислам Каримовдун китебинин сатылыш ыргагы күч болууда

Маданият
12 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
489
Өзбекстан Ташкент шаарындагы “Китеп дүйнөсү” соода жарменкесинде 2016-жылы өлкөдө эң көп сатылган китептердин рейтинги жарыяланып, анда Коомдук-саясий адабият багыты боюнча Ислам Каримовдун «Юксак маънавият – енгилмас куч» (“Бийик руханият - жеңилбес күч”) китеби биринчи сапка чыкты. Андан сырткары Өзбекстандын биринчи президентинин дагы үч китеби аталган жанрдагы эң популярдуу китептердин алдыңкы бештигине киргени маалымдалууда. “Көркөм адабият” бөлүмүндө өзбекстандык окурмандар Чынгыз Айтматовдун, Уткир Хашимов жана Марсел Бриондун чыгармаларына артыкчылык беришип китептерин сатып алышкан.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.