Курс НБ на 12.11.2019 $69,8426 €77,0294

Исхак Раззаков Кыргыз Республикасынын Баатыры

Маданият
11 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
739
Бүгүн, 11-октябрда “Ала-Арча” Мамлекеттик резиденциясындагы “Эне-Сай” конок үйүндө Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын тарыхый жана маданий мурастарын, республиканын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги, каармандыгы жана эрдиги үчүн 252 жаранга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарыны тапшырды.
Президент көрүнүктүү саясий жана коомдук ишмер Исхак Раззаковго ыйгарылган «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамын анын кызы Эльмира Раззаковага тапшырды. Милиция кызматкерлери Самат Жээнбековго, Пиридинбай Исмановго жана Алмазбек Сулаймановго курман болгондон кийин ыйгарылган  «Эрдик» медалдары алардын жакындарына тапшырылды.
Бардык сыйлангандарга 10 миң сомдон, ал эми өлгөндөн кийин сыйлангандардын үй-бүлөлөрүнө – 20 миң сомдон берилди.
 
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.