Курс НБ на 22.05.2018 $68,4088 €80,7703

Гүлзат Батырканова эскерилет

Маданият
11 - Май 2018
www.erkintoo.kg
76
16-майда Кыргыз Улуттук Филармониясынын чоң залында маркум ырчы  Гүлзат Батырканованын эскерүү кечеси болот. Ырчы  2015-жылы жол кырсыгынан каза болгон. Ал Коомдук каналдын “Сармерден” теледолбоорунун алып баруучусу,  бир катар ырларды аткарып, эл алдында эмгек кылган.  Г.Батырканова - КРнын Эл артисти Шахра Талипованын кызы. 1973-жылы 7-июнда Токтогул районунун Кетмен-Төбө айылында туулган. "Карай берем", "Өмүр жазым", "Жүрөлүчү эскерип", "Айта көрбө", "Жубайыма" өңдүү бир катар ырлардын аткаруучусу.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу