
Курс НБ на 18.01.2021 $84,6069 €102,1163

Филипп Киркоров Бишкек шаарында концерт берет
Россиялык ырчы Филипп Киркоров Бишкек шаарына концерт менен келет. Бул тууралуу ырчынын продакшн компаниясы билдирди. Ырчынын "Я" аттуу концерти 24-февраль күнү Кожомкул атындагы спорт сарайында өтмөкчү. Киркоровдун концертин уюштурууга жардам берип жаткан Бишкектеги компания өзгөчө шоу концерт болорун кошумчалады. "Заманбап техника, 3D-графика фонтан жана лифттер коюлуп, жүздөгөн костюмдар кийилет. Бишкектиктер 2,5 саат өзгөчө шоуго күбө болот", — деп жазылат маалыматта. Концертти атактуу режиссер Франко Драгоне коюп, бийчилерди Киркоров жеке өзү тандаган.
Булак: Sputnik Кыргызстан
Булак: Sputnik Кыргызстан
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек