Курс НБ на 19.11.2019 $69,8500 €77,3240

Филармониянын директору, КР Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова: “Көөнөрбөс өнөр мурасы-Ошумдун филармониясы»

Маданият
27 - Ноябрь 2018
www.erkintoo.kg
313
     Баарыбызга белгилүү болгондой, түштүк аймагындагы өнөрпоздордун каймагы топтолгон Ош облустук Рыспай Абдыкадыров атындагы филармония ушул жылы отуз жашка толду. Өнөр ордосуна айланган филармония 30 жылдык мааракесин күрдөөлдү күз айында, Ош улуттук драма театрында чоң салтанат менен, мамлекеттик жана расмий өкүлдөрдүн, көптөгөн өнөрпоздордун катышуусунда белгиленди.
 Ош шаарынын очогунда жайгашкан залкар обончунун атындагы өнөр ордосу таланттарды таптоо менен, алардын чыгармачылыгынын өсүшүнө өбөлгө түзүп, жаш таланттарды колдоп келет. Филармониянын директорлук кызматын 2000-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова аркалап келет. Ал бизге өзү жетектеген таланттардын ордосу тууралуу маалымат берди.
Ош облустук Р.Абдыкадыров атындагы филармония 1987-жылдын 27-апрелиндеги Кыргыз ССР министрлер советинин №24-р буйругу менен ачылган. Ал кезде филармонияга делген атайын имарат болбогондуктан, шаардагы азыркы орус чиркөөсүнүн имаратында ишин баштаган. Ошол мезгилде түштүк аймагындагы өнөрпоздордун башын кошуп, элди маданий жактан тейлөө максатында маданий очок түзүү зарылдыгы келип чыккандыктан, элдин талабы орундалып, ошентип, өнөр ордосу ишке кирет. Филармониянын алгачкы директору болуп маркум КР Эл артисти Токон Эшбаев дайындалат. Анын филармонияны түптөөдө салымы зор болгонун белгилейт азыркы директор Г.Садыбакасова. Андан кийин филармонияга А.Байтөрөев, А.Сыдыков, Р.Сатыбалдыев, Б.Тургунбаев деген белгилүү инсандар жетекчи болуп иштеп кетишкен. Ал эми 2000-жылдан баштап филармонияны Г. Садыбакасова жетектеп калатат.
Ошентип жаңы түзүлгөн филармониянын алгачкы концерти 1988-жылдын 18-майында Ош кыргыз драм театрында элге тартууланат. 1994-жылы филармонияга таланттуу композитор Рыспай Абдыкадыровдун ысымы ыйгарылган. Ал эми залкардын айкели филармониянын жанына 2001-жылы тургузулган. Албетте, ошол кездеги кадрдык жетишпестик, Союздун ыдырашы, эгемендүүлүккө өткөн мезгилдер филармониянын түптөлүүсүнө бир топ кедергисин тийгизбей койгон жок.1997-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен филармонияга «Космос» кинотеатрынын имараты өткөрүлүп берилип, ага «Ош-3000» мааракесинин алкагында имаратка реконструкциялоо иштери жүрүп, 2000-жылдын июлунда бүткөрүлөт.
Башынан 30 жылдык тарыхты кечирген филармониянын Ош облусунун турмушунда өзгөчө орду бар. Жалпы көркөм жамааттын түштүк регионунда жашаган калкты маданий жактан тейлөөдө орду зор. Мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларды сапаттуу концерттик программалар, музыкалык техникалар менен камсыздоодо үзүрлүү иштеп келатышат.
Ушул  отуз жыл аралыгында атактуу филармонияда канчалаган салмактуу өнөрпоздор иштеп кетишти жана иштеп жатышат. Алсак, КР Эл артисттери Б.Мадазимов, С.Садыкова, И.Жунусов, Ж.Алыбаев, Г.Садыбакасова. Белгилүү обончулар, Ж.Мамажанов, Б.Тургунбаев, К.Темиров, А.Кадыров, К.Турсункулов, И.Аманбаев, Б.Токтобаев, А.Темиров, А.Төрөбеков, А.Тасмаев. Ал эми белгилүү куудулдар, М.Бердибеков, Д.Мадымаев, А.Иманкулов, Р.Разыков. Ж.Камчиев сыяктуу көптөгөн элге өнөрү менен сиңген өнөрпоздор иштеп кетишкен.
Облустук филармония жаңы түптөлгөндө алгач, жалпы коллективде 53 адам иштеп баштаган болсо, бүгүнкү күндө штаттык бирдик 150 адамга көбөйүп, жамааттын 80 пайыздайын жаштар түзөт. Ал эми өнөр ордосунун кызматтык структуралары административдик, көркөм жетекчилик, концерттик, адабий, музыкалык-техникалык, өндүрүштүк-техникалык, артисттик персоналдар бөлүмдөрүнөн турат. Баарын орду-ордуна коюп, филармонияны мизилдетип кармаган директор Гүлшайыр Садыбакасова элдик таланттарды тартуу, көркөм топторду көбөйтүү, чыгармачылыктын деңгээлин көтөрүү, репертуардын сапатын жакшыртуу, материалдык-техникалык базаны чыңдоо аракеттерин күчөткөн. Таланттууну тааный билген Г.Садыбакасова чыныгы таланттуу өнөрпоздорду ишке тартып, алардын шарт-жагдайын караган. Ал Учурунда, залкар комузчу, КР Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, профессор Б.Мадазимов, КР Эл артисттери Ж.Алибаев, Т.Эшбаев, А.Төрөбеков, элдик коллектив «Кыз-Бурак», жаш ырчы Т.Назаров сыяктуу белгилүү өнөрпоздор тартылган.
2000-2018-жылдар аралыгында Ош филармониясында үзүрлүү эмгектенген 7 өнөрпоз «КРнын Эл артисти», 8 өнөрпоз «КРнын эмгек сиңирген артисти», 4 өнөрпоз «КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» ардактуу наамдарын алышкан. Ал эми 1 өнөрпоз «Даңк» медалына, 27 өнөрпоз «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисине, 25 кызматкер Маданият маалымат жана туризм министрлигинин Ардак грамотасына татыктуу болушкан. Ошондой эле жамаатта эл аралык жана республикалык кароо-сынактардын 32 лауреаты жана дипломанттары эмгектенишет.
2000-жылдан бери эле көөнөрбөс өнөр уясы болгон Ош филармониясынын көркөм жамааты Монголия, Кипр, Түркия, Португалия, Кытай, Россия, Түштүк Корея, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан өлкөлөрүнө расмий делегациянын курамында жана концерттик иш-чаралар менен барып келүүгө жетишишкен.
2008-2011-жылдары катарынан облустук филармония «Жылдын мыкты филармониясы» деп табылып, Маданият маалымат жана туризм министрлигинин атайын дипломдору менен сыйланган.
Азыркы учурда филармония курамына алты көркөм топту камтыйт.  «Б.Мадазимов атындагы эл аспаптар оркестри». Жетекчиси, башкы дирижеру КР Эл артисти Саидрахман Матиев. Жалаң улуттук аспаптардан куралган оркестр бир топ жолу чет өлкөдө өз өнөрүн тартуулап, байгелүү орундарга татыктуу болгон.
«Санат Ордо» эл шайырлар тобу. Жетекчиси Маданияттын мыкты кызматкери Шамырбек Тургунбаев. Комузчу, акындардан турган топ бир топ жолу чет мамлекеттерде болгон. Күмүш, алтын медалдардын, кароо-сынактардын жеңүүчүсү.
«Нуска» фольклордук тобу. Жетекчиси Маданияттын мыкты кызматкери Шайлообек Кожогелдиев. Жалаң шаңшыган, таза үндүү өнөрпоздордон куралган топтун жамааты да бир топ жолу чет өлкөлөргө барышкан. Кароо-сынактарда көп жолу биринчиликти багындырышкан.
Эстрада бөлүмү. Жетекчиси КР Жаштар сыйлыгынын дипломанты, Маданияттын мыкты кызматкери Сайкал Садыбакасова. Курамына «Кыз-бурак» кирген эстрадалык бөлүмдө көпчүлүгү жаштар. Ал эми белгилүү «Кыз-Бурак» тобунун түптөлгөнүнө 40 жыл болуп, өлкө президенттери катышкан эл аралык иш-чараларда, Кыргыз мамлекетинде өткөн көптөгөн иш-чаралардын концерттик программасын тейлеп келет. Ушунча жылдар аралыгында аталган топ бир канча жолу эл аралык фестивалдарда Гран-При сыйлыгына, ЮНЕСКОнун атайын байгесине татыктуу болушуп, Орто-Азия, Европа, Орусия, Кытай өлкөлөрүндө гастролдук концерттик турнеде болушкан. «Оштун азем түндөрү», «Ысык-Көл-2000», эл аралык фестивалдарында Гран-При сыйлыгын алышкан. Топтун жетекчиси Сайкал Садыбакасова республикалык «Уркуяга таазим» кароо-сынагынын баш байгесин жеңип алган.
«Наздеми» кыргыз-улуттук бий тобу. Жетекчиси Маданияттын мыкты кызматкери Жайнагүл Тентиева. 2001-2008-жылдарда бийчилердин Ошто өткөн кароо-сынагынын лауреаты. 2015-жылы «Ошту даңктайбыз» аттуу облустук сынактын, 2017-жылы Ошто өткөн «Жазгы вальс» кароо-сынагынын жеңүүчүсү.
«Степ-бай-степ» заманбап бий тобу. Жетекчиси Эламан Сапарбаев. Бийчилерден турган топ Азербайжан, Кувейт өлкөлөрүндө өткөн кароо-сынактарда биринчиликти алышкан.

Обончу, композитор, көптөгөн белгилүү обондордун ээси, КР Эл артисти Садыбакасова Гүлшайыр 1953-жылы 10-декабрда Ноокат районунда жарык дүйнөгө келген. Ал 1970-жылы орто мектепти аяктаган соң,  Ноокат районунун Жал совхозуна караштуу Ленин атындагы орто мектепте мугалим болуп эмгек жолун баштаган. 1972-жылы Фрунзедеги В.В.Маяковский атындагы кыз-келиндер пединститутуна тапшырып, 1976-жылы ийгиликтүү аяктайт. Алгачкы эмгек жолун жогорку билим албай туруп мугалимдиктен баштаган Гүлшайыр Садыбакасова Ош педагогикалык окуу жайында жана Ош мамлекеттик университетинде мугалим, Ош шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы, Ош облустук маданият башкармасынын башчысынын орун басары болуп иштеген. 2000-жылдан тарта Ош облустук филармониясынын директору. Элдик коллектив, Кыргызстан Ленин комсомолу жана Кыргызстан жаштар сыйлыгынын ээси, «Кыз-Бурак» кыздар эстрадалык тобунун көркөм жана музыкалык жетекчиси. Кыргызстан аялдар конгрессинин түштүк башкармалыгынын төрайымы.
Сыйлыктары: КР Президентинин Ардак грамотасы, Кыргыз ССР президиумунун Ардак грамотасы, Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты, «СССР элдеринин достугу» медалы, КР эмгек сиңирген артисти, Ж.Малдыбаев атындагы эл аралык сыйлык төш белгиси менен, «Маданияттын мыкты кызматкери» жана «КР мыкты айымы» төш белгилери менен сыйланган. Ошондой эле КР Эл артисти, Ардактуу профессор наамдарын алган. КР Өкмөтүнүн «Ардак белгиси» ордени, Авган согушунун КМШ боюнча ардагерлер союзунун «Ата мекенге өзгөчө кызматы үчүн» медалы, КР Президентине караштуу ардагерлер кеңешинин «Эл сүйгөн жетекчи» төш белгисине ээ болгон.
Чет өлкөлөрдө: Кыргызстандын расмий делегациясынын жана маданий ишмерлеринин курамында: Венгрия, Польша, Молдавия, Эстония, Монголия, Кипр, Югославия, Германия, Иордания, Сирия, Туркия, Тунис, Кытай, АКШ, Сингапур, Малазия, Түштүк Корея, Бириккен Араб эмират жана КМШ өлкөлөрүнүн Өзбекстан, Тажикстан, Россия, Азербайжан ж.б. мамлекеттерде болгон.
Кызыкканы: Саясат, спорт, музыка. Үй-бүлөлүү, эки баланын энеси.
  Гүлбара Мамазияева,   Кыргыз Республикасынын журналисттер союзунун мүчөсү.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.