Курс НБ на 24.10.2019 $69,8230 €77,6292

"Фейзи Аслангилге каттар" концертине чакырабыз

Маданият
09 - Октябрь 2019
www.erkintoo.kg
44
Концерт Түркиянын Кыргызстандагы Элчилигине караштуу Маданият жана маалымат кеңешчилиги менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосунда уюштурулууда.

Бишкек шаарында жана 2019-жылы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болуп жарыяланган Ош калаасында боло турган түрк музыка тармагынын белгилүү пианисти Нихат Демирколдун "Фейзи Аслангилге каттар" аттуу концертине чакырабыз. Аталган концерт таанымал пианист Фейзи Аслангилдин урматына арналып өткөрүлүүдө. 

Нихат Демиркол 8 жашынан бери пианинодо ойноп, көп жылдардан бери “Салттуу түрк музыкасын” таанытуу максатында Алатурка семинарларында жетекчилик кылган. Муну менен катар Демиркол 20дан ашуун чыгармаларын оозеки жана кол аспаптардын коштоосунда аткарып келет. 

Концертке кирүү акысыз:
2019-жылдын 10-октябрында саат 16.00дө Кыргыз-Түрк Манас университетинде,
2019-жылдын 11-октябрында саат 18.30да Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын кичи залында,
2019-жылдын 12-октябрында саат 18.30да Ош шаарындагы Ош мамлекеттик университетинде болот.
Түркиянын Кыргызстандагы Элчилигинин басма сөз кызматы



 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу