Курс НБ на 16.11.2019 $69,8500 €76,9922

Эпосту майдалоого жол бербешибиз керек

Маданият
04 - Декабрь 2018
www.erkintoo.kg
188
Бишкекте өтүп жаткан Манас күнүнө карата уюштурулган конференцияда академик Абдылдажан Акматалиев бүгүнкү күндө Кыргызстанга эң зарыл болгон туруктуулук, ынтымак, биримдик “Манас” эпосунун тулку боюнда сиңирилип, камтылгандыгына токтолду.  “Эпостон бир сапты жулуп алып, аны ар кандай чечмелөөлөр көп болуп жатат. Андай жеке кызыкчылык үчүн өзгөртө берип, ошентип, эпосту майдалоого жол берип отуруп “Манастын” тамырын үзүп албайлык”,- деди ал. Окумуштуу А.Акматалиев Сагымбай Орозбаков, Саякбай Каралаев, Мамбет Чокморов, Тоголок Молдо сыяктуу улуу манасчылардын варианттары боюнча манас айттырып, манасчылар арасында сынак уюштуруу сунушун билдирди.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.